Белгилүү америкалык насаатчы Джош Макдауэллдин бул китебинде, автор балдарын Теңирди жана ата-энесин урматтоого тарбиялоодо үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн алдында кандай милдеттерди мойнуна алгандыгы жөнүндө айтылат. Автордун өзүнүн жеке тажрыйбасына жана Ыйык Китептеги чындыктарга таянып берген сунуштары балдарына болгон таасирин терең жана натыйжалуу кылууну каалаган жаш, ошондой эле улуу аталар үчүн дагы пайдалуу боло алат. Китептин аягында – негизги эмоциялык муктаждыктарды аныктоого арналган тест окурмандарга бонус катары берилет.
Азыр силер колуӊарда кармап турган китеп, сиздерге сыйынуунун улуу күчү тууралуу айтып берет. Эгерде силердин никеӊер оор учурларды баштан өткөрүп жаткан болсо, мүмкүн бул жерден үй-бүлөӊөрдө түзүлгөн кырдаалга карата жаӊыча караганга жардам бере турган жана силердин көйгөйүӊөрдүн туура чечилишин айтып бере ала турган кеӊештерди таап калаттырсыӊар. Силер аялдын эмнеге белгиленип жаралгандыгынын чындыгын билесиӊер. Өз күйөөӊөрдү жакшы түшүнүүгө үйрөнөсүӊөр. Сторми Омартиан өз жашоосунан мисалдарды келтирүү менен, силердин сыйынууӊар канчалык натыйжалуу боло алаарын көргөзүп берет. Анткени, көбүнчө сыйынуу гана баарын оӊдой алат.